wer
kg
ru
en
tr

Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиону” ОшМУнун Enactus командасы Дүйнөлүк Кубокко катышты

2025-05-26 07:01:04 24

Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиону” ОшМУнун Enactus командасы Пекин шаарында 22-24-октябрь күндөрү өткөн World Cup 2014 ENACTUS Эл аралык Кубогунда дүйнөнүн 36 мамлекетинин улуттук чемпиондору катышкан дүйнөлүк кубокто жалпы рейтингде Америка, Россия, Япония, Франция мамлекеттеринин командалары менен катарлаш 7 позицияны ээлешти, ошондой эле маданий ярмаркада кыргыздын баалуулуктарын жогорку деңгээлде чагылдыргандыгы эске алынып “Эң активдүү команда” деген номинацияга ээ болуп кайтышты.

Бүгүн 10-ноябрь күнү уюштурулган ОшМУнун Административдик Кеңешмесинде окуу жай жетекчиси Каныбек Исаков кеңешменин мүчөлөрү менен биргеликте команданы куттуктап, мындан ары да эмгектенүүдөн талбай, Кыргызстанды, ОшМУну дүйнөлүк аренадагы мелдештерде тааныта берүүсүн каалады.

“Биздин команда Дүйнөлүк Кубокто Кыргызстандын Чемпиону катары катышып, буга чеийн даярдаган бизнес долбоорлорун коргоп, маданий ярмаркада кыргыздын улуттук кийимдерин, атамак-аш, улуттук буюмдарын, кол өнөрчүлүктөрүн, бий-ырларын чагылдырууга аракет жасадык жана дүйнө элдеринин кызыгуусун жарата алдык. Ошондой эле Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын бул кубокто калыстар тобунун катарын толуктагандыгы да биздин балдарды шыктандырып турду”, -деген ОшМУнун ENACTUS командасынын эдвайзери Эрлан Камалов материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөткөн ОшМУнун жалпы жамаатына, жетекчилигине, жалпы эле патриот инсандарга ыраазычылыгын билдирди.

Кошумчалай кетсек, 2013-2014-окуу жылында ОшМУнун ОшМУнун Enactus командасы 5 алдынкы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы проекттерин алып чыгышкан. Алар: “Кийиз Brand”, “Оп Майда”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы” жана “Бактын ханышасы” проектилери. Бул проекттер элдин арасында бизнестин коцепцияларын жайылтууга жана жарандарыбыздын ишкерчилик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга багытталган. 10-11-2014