2025-05-26 06:49:55 49
2014-жылдын 18-октябрында эрте менен саат 8.00дө Ош эл аралык аэропортунан Кытайдын Пекин шаарында 22-24-октябрь күнү өтүүчү ENACTUS 2014 Дүйнөлүк мелдештерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук Чемпиондугун жеңип алган Ош мамлекеттик университетинин ENACTUS командасы жөнөп кетет.
Ош мамлекеттик университетинин студенттеринен куралган ENACTUS командасы Бишкек шаарындагы өткөн Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун командалары катышкан ENACTUS Кыргызстан – 2014 Улуттук мелдешинде Кыргызстандын “ENACTUS 2014 Улуттук Чемпиондугун” жеңип алышкан.
Жеңишке жетишкен Ош мамлекеттик университетинин командасы бүгүнкү күндө дүйнөнүн 36 мамлекетинин чемпиондору катышууга даярданып турган Пекин шаарында 22-24-октябрь күндөрү өтүүчү World Cup 2014 ENACTUS Эл аралык Кубогуна Кыргызтандын атынан катышып, жеңишке жетүүгө бардык күч аракеттерин жумшоого даярданып турган чагы.
2013-2014-окуу жылында ОшМУнун ENACTUS командасы 5 алдынкы бизнес, социалдык жана экологиялык багыттагы проекттерин алып чыгышкан. Алар: “Кийиз Brand”, “Оп Майда”, “Конок-сервис”, “Тынчтыктын дарагы” жана “Бактын ханышасы” проектилери. Бул проекттер элдин арасында бизнестин коцепцияларын жайылтууга жана жарандарыбыздын ишкерчилик жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.
«Дүйнөлүк Кубокко дүйнөнүн 36 мамлекетинин командалары катышат. Биз үчүн бул интеллектуалдык мелдешке катышуу чоң сыймык жана жоопкерчилик. Дүйнөлүк Кубокко даярдануу учурунда жылуу сөзүн аябай, кеңешин айтып, материалдык жактан жардам берген мекенчил жарандарыбызга, эң негизгиси 75 жылдыгын белгилеп жаткан университетибизге терең таазим кылабыз.
Пекин шаарында болгон биринчи күнү биз улуттук көргөзмөгө катышып, кыргыздын улуттук тамак-аштарын, улуттук аспаптарын, улутук буюмдарын, улуттук ырларын, бийлерин дүйнөнүн булуң-бурчунан келген катышуучуларга, калыстарга чыгармачылык менен презентациялоого, мекенибиздин туусун желбиретүүгө бар күчүбүздү жумшайбыз», -деди ОшМУнун ENACTUS командасынын эдвайзери, магистратура департаментинин директору Эрлан Камалов.
Биз да университетибиздин атынан команданын курамына ийгилик каалайбыз! Сапарыңар байсалдуу болсун! 16-10-2014