2025-05-28 18:52:44 0
СРОЧНО! СРОЧНО! СРОЧНО! ХАКАТОН 2025 – «ЖАҢЫРГАН АКЫЛ 2025» II РЕСПУБЛИКАЛЫК ХАКАТОН Маалыматтык кат Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту 2025-жылдын 24–25-май күндөрү студенттер жана 30 жашка чейинки кесипкөйлөр үчүн «ЖАҢЫРГАН АКЫЛ 2025» II республикалык хакатон өткөрүлөт. Бул хакатон – жасалма интеллект тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган билим берүү, долбоордук жана коммуникациялык форум болуп саналат. Хакатондун максаты: Жасалма интеллекттин колдонулушуна багытталган келечектүү долбоорлорду аныктоо жана өнүктүрүү. Хакатонго катышуу үчүн Google Gemini, Deepseek, Anthropic, OpenAI APIлери колдонулган долбоорлор кабыл алынат. Хакатондун багыттары: Билим берүү Саламаттыкты сактоо Финансы Социалдык долбоорлор Юриспруденция Долбоорлор жогорудагы багыттардын бири боюнча кыргыз тилинде даярдалып, 8 мүнөттөн ашпаган презентация форматында сунушталышы керек. Суроолорго жооп берүү жана талкуу 5 мүнөттөн ашпашы зарыл. Талап: Долбоорлор кыргыз тилинде болушу керек. Орус же чет тилдериндеги даяр долбоорлор кабыл алынбайт. Өткөрүү күнү: 24–25-май 2025-жыл Өткөрүү орду: Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 547, Кыргыз улуттук университети, №1 башкы имарат, 2-кабат, Чоң жыйындар залы Сыйлык фонду – 100 000 сом: 1-орун — 40 000 сом 2-орун — 30 000 сом 3-орун — 20 000 сом 4-орун — 10 000 сом Мындан тышкары кызыктыруучу сыйлыктар каралган. Уюштуруучулар: Ж.Баласагын атындагы КУУнун Компьютердик технологиялар жана Жасалма интеллект институту, «Улут Софт» компаниясы. Каттоо: Катышуучулар электрондук өтүнмө аркылуу катталат. Каттоо мөөнөтү – 23-май 2025-жылга чейин. Форма: https://hackathon-knu-91.lovable.app/ Байланыш: 0503 44 07 05